Нарын ОИИБнин начальниги Уланбек Аалиев Кочкор районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушту | Эркиндик Медиа

Нарын ОИИБнин начальниги Уланбек Аалиев Кочкор районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушту

Нарын ОИИБнин начальниги Уланбек Аалиев Кочкор районунун жергиликтүү тургундары менен жолугуп, облус аймагындагы кылмыштуулуктун абалы жөнүндө маалымат берди.

22-январь күнү Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Уланбек Аалиев Кочкор районунун Ак-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя, Жаңы-Жол жана Кара-Суу айыл аймагынын жашоочулары менен жеринде жолугушту.

Иш-чарага Кочкор РИИБнин начальниги У. Абыкеев жана жергиликтүү айыл тургундары катышты. Чогулган элге 2020-жыл ичинде кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана алдын алууда милиция кызматкерлери тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат беришти.
Мындан сырткары чогулган эл көптөн бери көйгөй жаратып келген жер маселеси, мал уруулук, жайыт тууралуу ойлорун эркин, ачык-айкын ортого салышып, ой-пикирлерин билдиришип, суроолоруна тиешелүү так жоопторду алышты.

Ошондой эле, Кочкор РИИБнүн көчмө кабылдамасы менен эл көп чогулган жерлерге барып, жеринен элдин кайрылууларын кабыл алышып, калктын аярлуу катмарынын мүдөөсүн угушту.

Айтылган көйгөйлүү маселелерди, талаптарды аткаруу максатында тиешелүү жергиликтүү аткаруу бийлигине билдирилип, сунуш каттар жиберилиет.

Иш-чаранын максаты элдин милицияга болгон ишенимин көтөрүү жана жогорулатуу болуп эсептелинет. Мындай иш -чаралар облустун баардык шаар, райондорунда өткөрүлөт.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы