Нарында атка сүйрөтүп өлтүрүлдү делген келиндин өлүмүнө шектелген киши Баткенден кармалды | Эркиндик Медиа

Нарында атка сүйрөтүп өлтүрүлдү делген келиндин өлүмүнө шектелген киши Баткенден кармалды

Кочкор районунда адам өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга 2021-жылдын 23-январь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Ак-Кыя айылына жакын жайгашкан Тынай-Булак кыштоосундагы сарайдагы үйдөн белгисиз себептер менен каза болгон адамдын жансыз денеси табылганы кабарланган.

Аталган билдирүү боюнча Кочкор РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барган учурда сарайдагы үч бөлмөлүү үйдүн күн батыш тарабынан 20-25 жаштагы келин табылган. Сыртынан кароо жүргүзгөн маалда ал күч колдонулуп өлтүрүлгөнү маалым болгон. Маркумдун өздүгү такталып, Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну К.К. экени белгилүү болду.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту менен (Адам өлтүрүү) сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар шектүүнүн өздүгүн тактоо жана кармоо үчүн ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери да киришкен.

«ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын, Нарын ОИИБдин, Араван РИИБ, Ноокат РИИБдин Криминалдык милиция кызматтарынын кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүштү. Кылмышка шектүү жаран Чүй облусу, Бишкек шаары, Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы шектүү деген жайлардан издөөгө алынды. Натыйжада Ош облусунун Ноокат районунан жогорудагы кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 1995-жылы туулган тургуну М.И. кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат», – деп айтылат маалыматта.

Атын атагысы келбеген сарайдын ээси окуя болгон маалда Ысык-Көлдө болгонун билдирди.

«Ушул окуя болгон учурда Көл тарапта болчумун. Бул баланы мага мурунку мал баккан чабан таап берген. Малчы бала Баткен тараптан болот. Менин малымды бага баштаганына 1 айдан ашык убакыт болуп калган. Ошондуктан анын кыял-жоругун билбейт экенмин. Бир жолу чарбачылык боюнча сүйлөшкөнү барып калсам, «ушул кызга үйлөнүп жатам» деп айткан. Ал эми келинчегин сыртынан эле көргөм», – деди ал.