Нарындагы жол кырсыгынан милиция кызматкери көз жумду | Эркиндик Медиа

Нарындагы жол кырсыгынан милиция кызматкери көз жумду

Ат-Башы районунда жол кырсыгынан эки жаран каза болуп, алардын бири Нарын облусунун Ички иштер башкармалыгынын ага лейтенанты болуп чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 3-февраль күнү болжол менен саат 10:27 чамасында Кара-Суу айылындагы жолдун бир бөлүгүндө “Ауди С4” жана “Тойота Ипсум” унаалары кагылышкан. Кырсыктын кесепетинен 1982 жана 1969-жылы туулган эки адам каза болгон. Ошондой эле, үч жаран жаракат алышкан.

Нарын облусунун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бул кырсыктан милициянын ага лейтенанты Марс Асанбеков каза болгонун билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, “Toyota Ipsum” унаасы катуу ылдамдыкта келе жатып, каршы тилкеге ​​чыгып кеткен, ошондуктан ал милиция кызматкери айдап бараткан унаа менен кагылышкан.

Каза болгон милиционердин артында аялы жана 5 жаштагы кызы калды.