Назира Айтбекова: “Эшеги суудан өткөн соң, сайып анан сатып кеткен саясатчыларың самыраң калсын!” | Эркиндик Медиа

Назира Айтбекова: “Эшеги суудан өткөн соң, сайып анан сатып кеткен саясатчыларың самыраң калсын!”

Алпаруучу, актриса Назира Айтбекова саясатчыларга эмес, өлкөбүзгө фанат бололу дейт:

“Саясатчыларга фанат болбой, өлкөбүзгө фанат болсок ээ? Таштанды ыргыткандын таш талканын чыгарып! Кызыл чеке болуп, оозубузга ак ит киргизип, кара ит чыгарып, болбогон бир кишилердин таламын талашканча кор болуп, сатылып кетип аткан жердин, акча табам деп темселеп тентип жүргөн элдин таламын талашсак ээ?

Айгайлап кайсы бир партиянын туусун көтөрүп, тамагың айрылгыча айкырып, ошолорду жактагандан мурун улутубуздун туусун көтөрүп, өздүгүбүз, тамырыбыз, тилибиз, дилибиз, касиетибиз үчүн тик турсак ээ?

Иши бүтүп, эшеги суудан өткөн соң, сайып анан сатып кеткен саясатчыларың самыраң калсын! Ошолордун ооматын ойлогуча өз оокатыбызды ойлосок, ишибиз жүрүп, итибиз чөп жебейби! Ары жок элбиз! “Шордуу эл экенбиз! Өнүкпөй атабыз! “ деп көз жашыбызды көлдөтпөй эле коелу, туугандар! Эмнени эңсесек, ошону эле алып атабыз! Чоңдордун камчысын чаап, ошолорго жүгүнүп атсаң, кулдугуңду мойнуңа алып, ага тепселеттирип атканың да өзүңдү!

Зыпылдап кызматты өтөгөн ошолор, а биз чокчоюп чоңдой отуруп, чоң сүйлөгөнүбүз жарашмак! Кулдук мүнөздү жоюш керек! “Мен жакшы жашоого , өнүккөн өлкөгө татыктуумун! “ деш керек! Элдин каалоосунан, ой жүгүртүүсүнөн эле көз каранды келечек! Ар бирибиз өзүбүздү эле , ой жүгүртүүбүздү, ниетибизди эле оңойлу, өлкө автоматтык түрдө оңолот!”.