Ноокатта электрикти ток уруп, каза болду | Эркиндик Медиа

Ноокатта электрикти ток уруп, каза болду

Ноокат районунда электр тармактар ишканасынын кызматкерин ток уруп каза болду. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышты.

Алдын ала маалым болгондой, аны иш учурунда ток урган.

«Ош» электр ишканасынын басма сөз кызматынан билдиргендей, 19-май күнү авариялык абалды жөнгө салуу учурунда Ноокат районунун электрик кызматкери, 1962-жылы туулган Х.Х. кырсыкка учураган. Азыркы учурда кырсыктын чоо жайы тиешелүү органдар тарабынан иликтенүүдө.