Ооруканага 600дөй киши кайрылып, 13 киши реанимацияда жатат. Толук маалымат | Эркиндик Медиа

Ооруканага 600дөй киши кайрылып, 13 киши реанимацияда жатат. Толук маалымат

Саламаттыкты сактоо министрлиги “Ала-Тоо” аянтындагы жабыркагандар жөнүндө Эркиндик Медиага маалымат берди:

Ыкчам маалыматтарга ылайык, 6-октябрь күнү саат 08: 00гө карата медициналык жардам көрсөтүү жана өз алдынча кайрылуу жолу аркылуу саламаттыкты сактоо уюмуна жалпысынан 590 жабырлануучу кабыл алынган, алардын ичинен 439 адам медициналык-санитардык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. Ар кандай жаракаттарды алган 150 жабырлануучу ооруканага жаткырылды, алардын 13ү реанимацияда. 1 жабырлануучу каза болду.

– Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 288 жабырлануучу келип түшкөн, алардын 69у ооруканага жаткырылган. 5 жабырлануучу реанимацияда жатат.

– Улуттук госпитал 164 жаракат алып, анын ичинен 58 жаракат алган адам ооруканага жаткырылды. 6 адам реанимацияда, бир жабырлануучу каза болду (белгисиз адам, азиат улутундагы адам).

№ 1 шаардык клиникалык ооруканага 30 жаракат алган, 23 амбулатордук жардамга кайрылган. 7 адам ооруканага жаткырылса, анын 1и реанимацияда.

Чүй облустук ооруканасы 93 жаракат алды, жаракат алган 90 адам амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Үчөө ооруканага жаткырылды, бири реанимацияда.

Улуттук хирургиялык борборго 15 жабырлануучу келип түшкөн, алардын экөө амбулатордук жардамга кайрылса, 13 адам ооруканага жаткырылган.