«Орто-Сай» базарындагы өрткө шектүү адам кармалды | Эркиндик Медиа

«Орто-Сай» базарындагы өрткө шектүү адам кармалды

Бишкектеги «Орто-Сай» базарында чыккан өрткө шектүү адам кармалды. ШИИБдин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, базардын айланасындагы өрт тууралуу маалымат 9-ноябрда саат 00:25де «102» кызматына түшкөн. Өрт 2 кабаттуу имараттан чыгып, ал жерде тигүү цехтер, дүкөндөр жана тез тамактануучу жайлар жайгашкан.

Башка адамдын мүлкүн бүлүндүрүү же жоготуу беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган болчу. Октябрь РИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бул иш боюнча 1979-жылы туулган М.Т. шектелип кармалды. Ал убактылуу камакка алынып, тергөө иштери уланып жатат.