Ош облусунда жер титирөө катталды | Эркиндик Медиа

Ош облусунда жер титирөө катталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай Ошто күчү 3,5 баллга жеткен жер титрөө катталды.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 4-октябрда болжол менен саат 20:12де Ош облусунун аймагындакатталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кара-Суу районунун Жаңы-Арык, Отуз-Адыр, Кызыл-Ордо, Мады айылдарында 3,5 баллга, Баш-Булак айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.