Ош ОИИБде кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди | Эркиндик Медиа

Ош ОИИБде кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон кызматкерлер эскерилди

2021-жылдын 15-май күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөп, кызмат учурунда курман болгон кызматкерлерди эскерүү күнү белгиленди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Басма сѳз кызматы билдирди

Бул иш-чара алгач кызмат учурунда курман болгондордун айкелине гүл чамбарларды коюу менен башталды. Иш-чарага чакырылган кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин жакындарына Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги Жеңишбек Абитов кѳңүл айтып сѳз сүйлѳдү:

«Кыргыз Республикабыз өз эгемендүүлүгүн, өз саясий багытын алып, жаңы өлкө түзүлүп жатканда, ар кандай мыйзам бузуучулук, эл аралык террорчулук, уюшкан кылмыштуулук, криминалдык чөйрөлөр менен күрөшүүдө Кыргыз милициясынын кызматкерлеринин эмгектери эбегейсиз зор. Алар мамлекетибиздин түптөлүшүнө, өнүгүшүнө өз жандарын аябады. Совет мезгилинде оор сыноолорду, Улуу Ата Мекендик согуштун каардуу күндөрүн, Ооган согушун, Баткен окуясын жана 2010-жылдын апрель, июнь айындагы каргашалуу күндөрүн башынан кечирүү менен Кыргыз милициясынын күжүрмөн кызматкерлери өздөрүнүн тайманбас эрдиктерин көрсөтүшүп, мезгилдин сынагынан өттү.

Эгемендүүлүк алганыбыздан тартып, азыркы мезгилге чейин Ош облустук ИИБнын катарынан 12 кызматкер, кызмат учурунда каза болгон.

Алардын катарында: Милициянын полковниги Алиев Уран Маматканович, милициянын полковниги Султанов Адылбек Карабаевич, милициянын полковниги Омурзаков Маматали Абдылдаевич, милициянын полковниги Маралов ЖумабекТурсумаматович, милициянын кенже лейтенанттары Сайдиев Нурлан Жанышович, Карабалтаев Замирбек Алтымышович, Шамурзаев Уран Жумаевич жана башка эр жүрөк кызматкерлер.

Алардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу максатында мамлекет тарабынан жогорку сыйлыктарга көрсөтүлүп, ысымдары өздөрү туулган айылдын мектебине, өздөрү кызмат өтөгөн ички иштер бөлүмдөрүнө, көчөлөргө ыйгарылып, жыл сайын алардын жаркын элесине арналып спорттук мелдештер өткөрүлүп келүүдө. Алардын ысымдары Кыргыз милициясынын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, Алар ар дайым элинин жүрѳгүндѳ! Алардын эрдигине баш ийип таазим этебиз. Алар ар дайым биз менен!”.