Ош ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу Абитов Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагында эл менен жолугушту | Эркиндик Медиа

Ош ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу Абитов Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагында эл менен жолугушту

2021-жылдын 25-январь күнү Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын начальнигинин милдетин аткаруучу милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов Кара-Суу РИИБдин начальниги милициянын полковниги Акунбеков Арабидин менен биргеликте Кара-Суу районунун Сарай айыл аймагында эл менен жолугушту.

Жолугушууда Сарай айыл аймагынын милициянын участкалык уполномоченныйы милициянын ага лейтенанты Кыдыров Кыяз 2020-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча элге отчет берди. Айыл жашоочулары отчет негизинен жактырылып, милиция кызматкерлери кызматтык милдеттерин жакшы аткарып жаткандыгын белгилешти. Отчет учурунда Сарай айыл аймагынын жашоочулары Ош ОИИБдин жетекчилигине айылдагы жаралып жаткан көйгөйлүү маселелрди чечип берүү жагын айтып кайрылышты.

Аталган айыл аймактын жашоочулары таза суу маселеси чечилбей жаткандыгы, мектептин жанында жол чырактар жакшы иштебей жаткандыгы ошондой эле жөө жүргүнчүлөр өтүүчү белгилер коюлбай тийиштүү сызыктар сызылбагандыктан окуучулардын жолдон өтүүсү кооптонууну жаратып жаткандыгын, жол транспорт кырсыктарын болтурбоо жана алдын алуу үчүн кошумча жол кыймылын көзөмөлдөө кызматын бөлүп берүүнү суранышты.

Ошондой эле жаш өспүрүмдөр менен иштешүүдө жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо боюнча иштерди жандандыруу керектигин белгилешти. Ош ОИИБдин начальнигинин милдетин аткаруучу Ж.Абитов кайрылган жарандардын арыз-даттануулары облустук деӊгээлде карала тургандыгын билдирди.

Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча тийиштүү кызматтарга тапшырма берди. Мындай жолугушуулар облустун аймагында улантылууда.

Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы