Ош шаарында 17 жаштагы кыз турникке асынып алды | Эркиндик Медиа

Ош шаарында 17 жаштагы кыз турникке асынып алды

 20-июндан 21-июнга караган түнү Ош шаарында 17 жаштагы кыз асынып каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, аны достору шаардын Курманжан датка муниципалдык башкармалыгында (Юго-Восток) асынып турган абалда табышкан. Окуя 20-июндан 21-июнга караган түнү саат 3:00дөр чамасында катталган.

«2004-жылы туулган А.Б.нын сөөгү Оштогу окуу жайлардын биринде жайгашкан спорттук аянтчадагы турникте асынып турган абалда табылды. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгында катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ата-энеси кызынын сөөгүн соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тарткан», – деп айтылат маалыматта.