Ош ШИИБдин кызматкерлери шаар аймагында профилактикалык иш-чараларды өткөрдү | Эркиндик Медиа

Ош ШИИБдин кызматкерлери шаар аймагында профилактикалык иш-чараларды өткөрдү

Ош ШИИБдин кызматкерлери шаар аймагында «Камкордук», «Арсенал», “Укуктук тартип» деген аталышындагы профилактикалык иш-чараларды өткөрдү
Башкармалыктын кызматкерлери өткөргөн «Камкордук» деген аталыштагы профилактикалык иш-чаранын максаты негизинен социалдык жактан оор шарттарда жашаган балдардын саламаттыгына камкордук көрүп, алардын кылмыштуулукка баруусуна бөгөт коюу болуп саналат.

Бул иш-чарага жалпысынан 46 кызматкер тартылып, рейд учурунда атайын тизмеде оор шарттарда жашап жатышкан 64 үй-бүлөлөргө барышып, колдон келген жардамдарын көрсөтүштү, жашоо-шарттары менен таанышты. Соода түйүндөрүндө, мечиттерде, автобекеттер менен жол боюнда тилемчилик жасап жүрүшкөн 66 жаш өспүрүмдү аныкташты. 2 өспүрүм атайын интернатка жайгаштырылды. 6 өспүрүм жашы жетелектер менен иштөө боюнча инспекциясына атайын тизмеге коюлуп, милиция кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынды.

Балдарынын тагдырына кайдыгер мамиле жасап, мектепке жөнөтпөстөн үй-бүлө түйшүгүн моюнуна арткан 41 ата-эне менен маектешүүлөр жүргүзүлүп, анын 24үнө Кыргыз Республикасынын Бузуулар тууралуу Кодексинин 61-беренесине ылайык (ата-энелик милдеттерден качуу) айып пулдар салынды.

«Арсенал» аталыштагы профилактикалык бир күндүк иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан төрт мурда болгон кылмыштардын бети ачылды. Ош ШИИБнын уруксат берүү системасында каттоодо турган жеке жарандар жана алты мекеме-уюмдар текшерилди.

Мергенчиликке кызыгып, мыйзамдуу курал алууга укукка ээ болгон 118 атуулдардын куралдарынын сакталуу эрежесин сакталуудабы, жокпу текшерилди. Сактоо эрежелерин сактабагандыгы же белгиленген мөөнөтүнөн өтүп, тиешелүү сактоо мөөнөтүн узартпагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинин 84 жана 85-беренелеринин негизинде 7 жаранга карата протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.

Өз ыктыяры менен атуулдар 6 ок атуучу курал-жарактарын тапшырышты. Алардын ичинен төртөө сайсыз курал, бир травматикалык тапанча.

«Укуктук тартип» аттуу профилактикалык иш-чара шаардын аймагындагы ар кандай кылмыштуулуктун алдын алууга карата багытталган иш-чара учурунда шаар аймагында мурда катталган 16 кылмыштын бети ачылган.

Кыргыз Республикасынын Бузуулар боюнча Кодекстин талаптарын бузган 57 жаранга протоколдор түзүлүп, жазаналар салынды. 371 кожолуктар жана мурда соттолгон, башкармалыкта каттоодо турган 344 жарандар текшерилип, кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган маектешүүлөр жүргүзүлдү. Түнкүсүн чоӊ адамдардын коштоосуз жүргөн 32 адам балдардын реабилитация борборуна алынып келинди.
Ош шаарынын аймагында кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чаралар уланууда.

Ош ШИИБдин Басма сөз кызматы