Ошто “Альфанын” мурдагы кызматкерин өлтүрүп кетишти | Эркиндик Медиа

Ошто “Альфанын” мурдагы кызматкерин өлтүрүп кетишти

Алай районунда “Альфа” кызматынын мурдагы кызматкерин өлтүрүп кетишти. Бул тууралуу “Кактус.медиа” жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 28-январда Гүлчөдөн анча алыс эмес жерде жайгашкан Кыргоол аймагында дарыядан участкалык милиция инспекторунун сөөгү табылган.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, анын башынан жаракат табылган.

Маалым болгондой, өлтүрүлгөн адам эки күн жумушка чыккан эмес. Ошондой эле, УКМКнын “Альфа” бөлүгүнүн атайын багыттагы кызматкери болгон.