Ошто темир торчого буту кыпчылып калган аял куткарылды | Эркиндик Медиа

Ошто темир торчого буту кыпчылып калган аял куткарылды

Ош шаарында 17-май күнү саат 07:35те Р.Абдыкадыров көчөсүндө жайгашкан №195 үйдүн жанындагы суу өтүүчү темир торчого (сливной люк) 1963-жылы туулган аял кишинин буту кыпчылып калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
“Жерине Ош шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары тартылып, кыпчылып калган аялдын бутун чыгарып беришкен. Абалы жакшы”, -деп айтылат билдирүүдө.