Озоди: Тажикстан “Головнойго” видеокөзөмөлдөөчү камераларын кайрадан орнотту | Эркиндик Медиа

Озоди: Тажикстан “Головнойго” видеокөзөмөлдөөчү камераларын кайрадан орнотту

19-июлда Исфара шаарынын мэри Баховаддин Баходурзода бул жолу видеокөзөмөлдөөчү камералар электр мамычасына эмес, «Головной» суу бөлүштүрүүчү пунктунан он метр алыстыктагы бакка орнотулгандыгын айтты.

“Көзөмөлдөөчү камералар эмне үчүн керек? Суунун бөлүштүрүлүшүн көзөмөлдөө жана суунун деңгээлин өлчөө үчүн. Камералар өлкөлөр ортосундагы чек араны такыр аныктабайт. «Головной» суу алгычына токтолсок, тараптар кол коюлган келишимге ылайык милдеттерин аткарып жатышат », — деди Исфаранын башчысы

Эркиндик Медиа Чек ара кызматынан басма сөз кызматына байланышканда маалымат такталып жатканын айтышты.

19-июлда «Азаттыктын» тажик кызматынын кабарчысы «Головной» суу алуучу жайга барган, бирок тажик аскерлери аны видеого тартууга уруксат беришкен эмес.

Эске салсак, жаңжал 28-апрелде тажик тарап Головной суу бөлүштүрүүчү пунктунун жанындагы электр мамыга видеокөзөмөлдөөчү камераларын орнотуп баштагандан кийин башталган. Кыргыз тарап камераны посттон алып салууну талап кылган, бирок тажиктер кыргыздар камераларды орнотуп, суу адистерине суунун деңгээлин өлчөөгө мүмкүнчүлүк бербей жатат деген жүйөө менен баш тартышкан.

Жаңжал учурунда кыргыз тараптан дагы, тажик тараптан дагы бардык байкоочу видеокамералар жабыркаган.

«Головной» суу бөлүштүрүүчү аймагы толугу менен Кыргызстанга тиешелүү. Аталган обьект 1970-жылы курулуп, 1973-жылы колдонууга берилген. Бул тууралуу «Головнойдун» курулушу боюнча архивдик маалыматта жазылган.

Совет мезгилиндеги архивдик документтерге ылайык, “суу бөлүштүрүүчү башкы структурасы (Исфара дарыясынын сугат тутумунун суу алуучу бөлүгү) 1970-жылы (1973-жылы пайдаланууга берилген) Баткен районунун аймагында курулган.

Долбоордук баасы 384,2 миң рубль болгон. Максаты – “Подводущий” жана “Кайырма” каналдары үчүн суу агымын жөнгө салуу. Төрткүл суу сактагычы “Лидер” каналы аркылуу толтурулуп жатат. Ушул мезгилден бүгүнкү күнгө чейин, аны Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун суу чарбасы иштетип келген.

Борбор Азиянын суу ресурстары 1992-жылы Алматы шаарында кол коюлган протоколго жана 1995-жылдагы Нукус Декларациясына ылайык жөнгө салынган.

Суу департаментинен маалым болгондой, Ак-Суу дарыясынан чыккан суунун 37 пайызын Кыргызстан колдонот. Аны менен 11 миң гектар жер сугарылат. Ал эми Ак-Суу дарыясындагы суунун 55 пайызын Тажикстан – 21300 гектар жерди сугаруу үчүн, 8 пайызын – Өзбекстан 1 миң 600 гектарга алат.

Төрткүл суу сактагычы  дагы ушул дарыядан толукталат.

Суу департаментинен белгилешкендей, “Головной” буга чейин Тажикстандын аймагында болгон эмес. Кыргызстан ар дайым эки тараптуу келишимдерди бузбай, суу ресурстарын кошуналары менен бирге колдонуп келген.