Пара талап кылуу беренеси менен кармалган УКМКнын кызматкери камакка алынды | Эркиндик Медиа

Пара талап кылуу беренеси менен кармалган УКМКнын кызматкери камакка алынды

Пара талап кылуу беренеси менен кармалган  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери СИЗО-1ге киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.

Биринчи Май райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан шектүү Н уулу С. үй камагына чыгарылган. Бирок прокуратура райондук соттун чечимине каршы апелляция берген. Бишкек шаардык сотунда кылмыш иштери жана мыйзам бузуулар иштери боюнча коллегиясы бүгүн, 22-сентябрда райондук соттун өкүмүн жокко чыгарды. УКМКнын мурдагы кызматкери 4-ноябрына чейин Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилди”, – деп айтылат маалыматта.

4-сентябрда 326-берене (“пара талап кылуу”) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМКнын кызматкери Н.уулу С. 1000 доллар пара алып жаткан жеринен Финпол жана УКМКнын өздүк коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

11-сентябрда Н. уулу С. ээлеген кызматынан бошотулуп, сотко чейинки өндүрүштү Финполдун тергөө органдары жүргүзүп жатканы кабарланган.