Парламенттик шайлоону жылдыруу тууралуу мыйзамга Садыр Жапаров кол койду | Эркиндик Медиа

Парламенттик шайлоону жылдыруу тууралуу мыйзамга Садыр Жапаров кол койду

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кечээ, 22-октябрда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамга кол койду, деп билдирди басма сөз кызматы. Сөз «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндөгү» конституциялык мыйзам тууралуу болуп жатат.

Кабыл алынган мыйзам менен 38-63-беренелерин колдонууну токтото туруу каралган. Аларда конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү мөөнөтү конституциялык реформа өткөрүлгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, бирок 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес убакытка дайындалышы керек.