Премьер-министр ишкерлерди колдоо үчүн бир катар тапшырмаларды берди | Эркиндик Медиа

Премьер-министр ишкерлерди колдоо үчүн бир катар тапшырмаларды берди

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда мамлекеттик органдарга тапшырмаларды берди.

Биринчи кезекте ал бюджеттеги жетишсиздик 28 миллиард сом экенин, чындыгында абал мындан да жаман болушу мүмкүндүгүн айтты. Буга байланыштуу ишкерлерди колдоо үчүн төмөнкүдөй тапшырмаларды берди:

Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан түзүлгөн ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктар кескин азайсын;

Мамлекеттик кызматтарды оптималдаштыруу;

Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, ченемдик-укуктук актылар боюнча документтердин пакети даярдалсын, эгер зарылчылык болсо жаңы редакцияда кабыл алынсын;

Салык жаатындагы зарыл болгон бардык реформалар толук ишке ашырылсын;

Бизнести жүргүзүү боюнча эрежелер жөнөкөйлөштүрүлсүн;

Экспортёрлорду колдоо боюнча конкреттүү механизм киргизилсин;

Жыл аягына чейин орто, чакан ишканаларды жеңилдетилген түрдө насыялоо кайра жандансын. Бир дагы коррупциялык схемаларга жол берилбесин;

Бажы жана фискалдык органдардын ишиндеги ар кандай өзгөрүүлөр тууралуу бизнеске өз убагында токтоосуз маалыматтар берилсин;

Бажыдагы коррупциялык схемалардын баары ачыкка чыгарылсын, бюджеттин кирешеси көбөйтүлсүн;

Бажыда тез арада автоматташтырылган программалык система ишке киргизилсин;

Тең атаандаштыкты жок кылган контрабандалык товарлар чек араларда катуу көзөмөлгө алынсын;

Банктык жана салыктык сырлардын, персоналдык маалыматтардын сырдуулугу камсыз болсун;

Өлкөдө дестабилизация жана өзгөчө абал режими учурунда жабыр тарткан ишкерлер менен инвесторлорго зыяндын ордун толтуруу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди берүү механизмдери каралсын;

Менчикти коргоо жана менчик ээлеринин укуктарынын кол тийбестиги боюнча мыйзамдуу ченемдер күчөтүлсүн;

Рейдерликке жана менчиктештирүүнүн башка мыйзамсыз ыкмаларына жол берилбесин.