Президент 7 облустагы өкүлүн дайындады. Алар кимдер? | Эркиндик Медиа

Президент 7 облустагы өкүлүн дайындады. Алар кимдер?

Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы бүгүн, 22-июлда билдирди.

Президенттин облустардагы өкүлдөрү:

Алимбаев Абдикарим Карбекович
Ашимбаев Сабыркул Абасович
Жамалдинов Зиядин Исламович
Кожоев Мирбек Кокулбаевич
Нарбеков Бакытбек Наркулович
Сыргабаев Абсаттар Токтогулович
Тентишев Эркин Саткынбаевич
Бул тизмеден З.Жамалдиновдон башкасы буга чейин ушул эле кызматта — Министрлер кабинетинин (өкмөттүн) өкүлү болуп эмгектенип келишкен. З.Жамалдинов Абдураимов Жарасул Осмоналиевичтин ордуна келди. Ал эми Ж.Абдураимов экономика жана каржы министринин орун басары болуп дайындалганы белгилүү болду.

Мамлекеттик башкарууну камсыздоо, аймактарда мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоо максатында өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү институту Кыргыз Республикасынын президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институту болуп кайра түзүлгөн.