Президент бир айдын ичинде үч шаарда кайра шайлоонун датасын белгилеши керек | Эркиндик Медиа

Президент бир айдын ичинде үч шаарда кайра шайлоонун датасын белгилеши керек

Бир айдын ичинде өлкөнүн Президенти Бишкек, Ош жана Токмак шаарларында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кайра шайлоону белгилеши керек, деп түшүндүрдү БШК журналисттерге.
Белгилей кетсек, аталган шаарларда 11-апрелде өткөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жараксыз деп табылган.
Кайра шайлоо өнөктүгү жарлыкка кол коюлган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде жүргүзүлөрү көрсөтүлгөн.
Партиялардын шайлооого катышуу тууралуу билдирүү берүү мөөнөтү жана үгүт мезгили үчтөн бирине кыскарган.
Жарышка катышууну көздөгөн саясий уюмдар үчүн эч кандай чектөө жок. Пара алуу, административдик ресурстарды пайдалануу жана шайлоочуларга жана участкалык комиссиянын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүү сыяктуу одоно мыйзам бузуулар үчүн жоопкерчиликке тартылган талапкерлер гана шайлоого катыша албайт.
Эске салса кетсек, 11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоо жана жаңы Конституциянын долбоорун кабыл алуу боюнча референдум өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек шаардык кеңешине алты партия, Ош шаарына төрт партия барган.
Борбор калаанын АШКсы Бишкек шаарындагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды, буга чейин БШК Ош жана Токмак шаарларындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапкан.