Президент Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization эл аралык марафонуна старт берди | Эркиндик Медиа

Президент Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization эл аралык марафонуна старт берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ипподромдо Run the Silk road — Shanghai Cooperation Organization эл аралык марафонуна старт берди. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Ал даңазалуу жөө күлүк Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктады.

“Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат. Андан тышкары, спорттук-массалык иш-чаралар аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо”, — деди Жапаров.

Президент 2020-жылдын аягында ШКУнун Ысык-Көл марафону квалификациялык деп таанылганын, марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилерин белгиледи.