Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүн Нурай Марс жетектейт | Эркиндик Медиа

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүн Нурай Марс жетектейт

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп Нурай Марс дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 18-майда билдирди.

2020-жылдын октябрь айындагы окуялардан кийин президенттин басма сөз кызматын Нургазы Анаркулов жетектеп баштаган. Ал 2021-жылдын январь айында акча талап кылган деген шек менен кармалып, ээлеген кызматынан бошотулган.

Андан кийин бул кызматка Нуркамал Асканова келген.