Путин: Россия менен Кыргызстандын мамилеси бекемделүүдө | Эркиндик Медиа

Путин: Россия менен Кыргызстандын мамилеси бекемделүүдө

Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле бекемделүүдө. Бул туурасында Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.

Ал бүгүн Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Саматтан ишеним грамотасын кабыл алып, эки өлкөнүн мамилеси тууралуу кеп салган.

“Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых бириктирип турат, бири-бирибизге өз ара ишеним жана урмат-сыйыбыз бар. Россия жана Кыргыз Республикасы соода-экономикалык, аскерий-техникалык, маданий, гуманитардык жана башка тармактарда эриш-аркак ийгиликтүү иш алып барып, Евразия интеграциясын өнүктүрүүгө биргеликте салым кошуп келет”, — деген Путиндин сөзүн Кремлдин маалымат кызматы таратты.

Россиянын лидери 24-майда Сочиде ушул тема боюнча Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүү болорун кошумчалаган.