Россия митингдин катышуучуларына кылмыш ишин козгоду | Эркиндик Медиа

Россия митингдин катышуучуларына кылмыш ишин козгоду

Кечээ, 31-январда, Орусиянын бир нече ондогон шаарларында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды боштондукка чыгаруу, жемкорлукка чыныгы күрөш жүргүзүү талаптарын койгон нааразылык жыйындары өттү. Анын жүрүшүндө жана андан кийин айрым катышуучуларга бир нече кылмыш иши ачылды.

Санкт-Петербургда, маселен, бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөттү деген доо боюнча кылмыш иши ачылды. Нааразылык жыйынынын бир катышуучусу атайын полиция кошуунунун бир жоокерин эки жолу башка муштаган. Шектүү полиция тарабынан кармалып кетти, бирок анын ысымы ачыктала элек.

Андан тышкары Санкт-Петербург полициясы унааларды же жолдорду бузгандарга каршы кылмыш ишин ачканы маалымдалды. Бирок бул иш 23-январдагы окуяга карата 31-январда ачылган. Бул ишке байланыштуу жекшембиде таңга маал тогуз жерде тинтүү жүрдү. Үйү тинтилгендердин арасында жергиликтүү кеңештин депутаттары Владимир Волохонский менен Василий Кунин, айрым жарандык жигердүүлөр да бар.

Челябинск шаарында жолду мыйзамсыз тороду деген доо боюнча кылмыш иши ачылды. Бул окуяны тергөөгө байланыштуу 23 киши кармалып, суракка алынууда.

Москва шаарында коронавируска каршы санитардык чектөөлөрдү бузду жана автоунааларды жана жолдорду жараксыз кылды деген доолор боюнча иштер ачылды. Саясатчылар Илья Яшин менен Андрей Пивоваров – кармалып кетип, суракка алынып жаткандардын арасында экени кабардалды.

Борбор шаарда “Росгвардия” кошуунуна таандык кызматтык автоунааны өрттөдү жана бийлик өкүлүнө зомбулук аракет жасады деген доолор боюнча да кылмыш иштери ачылган. Атайын полиция кошуунунун өкүлүн бейсбол таягы менен чабууга далаалат жасады деп шектелген киши коопсуздук кызматкерлери тарабынан кармалганы маалымдалды.

Белгилей кетсек, 31-январдагы бир нече ондогон шаарларда өткөн нааразылык чараларына катышкандардын ичинен 5 миңден ашуун өкүл кармалгандыгы кабардалууда. Бул Орусиянын соңку жаңы тарыхында бир эле күнү кармалгандардын саны жагынан рекорд жаңырткан көрсөткүч болду. Алардын ичинен 1,5 миңи – москвалыктар болду.

“Эмнести Интернешнл” уюмунун маалымдашынча, Москвадагы убактылуу абак жайларда таптакыр орун калбай калды. Ошондуктан айрым кармалгандарды депортацияланчулар кармала турган имараттарга алып келишти.

Бул ортодо Алексей Навальныйдын штабы кезектеги нааразылык жыйындар 2-февралга белгиленип жаткандыгын жарыялады Дал ушул күнү Москва соту абактагы Навальныйды колонияга жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алышы ыктымал.