Россия өзүнө дос эмес өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады | Эркиндик Медиа

Россия өзүнө дос эмес өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады

Россиянын өкмөтү Россияга каршы достук эмес аракеттерди жасаган өлкөлөрдүн тизмесин бекитти. Документ расмий интернет-укуктук маалымат порталына жарыяланды. Тизмеге эки мамлекет – АКШ жана Чехия кирген. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жазып чыгышты.

Бул өлкөлөргө карата президенттин 2021-жылдын 23-апрелиндеги “Чет мамлекеттердин достук эмес аракеттерине таасир этүү чараларын (каршы аракеттенүүнү) колдонуу жөнүндө” жарлыгынын жоболору колдонулат.

Документте Россиянын аймагында жайгашкан адамдардын саны бекитилген, алар менен ушул мамлекеттердин мамлекеттик мекемелери жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрү эмгек келишимдерин түзө алышат.

Чехиялык 19 адам бул келишимди түзсө, АКШдан – эч ким түзгөн эмес.

Бүгүнкү күндө Чехия жана Америка Кошмо Штаттары Россиянын жетекчилиги тарабынан достук мамиледе болбогон өлкөлөрдүн эң ачык мисалдары катары каралат, бирок келечекте бул тизме кеңейет окшойт, деди Россиянын Эл аралык иштер боюнча кеңешинин башкы директору Андрей Кортунов.

“Чехия менен Россиянын ок-дары кампасындагы жардыруунун айланасындагы ызы-чуусу дагы деле болсо уланып жатат жана АКШны Москва Батыштагы антиорусиялык демарштардын лидери катары кабылдап жатат”, – деп түшүндүрдү эксперт РБК менен болгон маегинде.

Достук мамилеси начар өлкөлөрдүн тизмесине талапкерлердин катарында Кортунов Балтика жана Борбордук Европа өлкөлөрүн, ошондой эле айрым постсоветтик мамлекеттерди атады. Кортуновдун айтымында, дипломатиялык чектөөлөр жана достук мамилеси жок өлкөлөрдүн тизмесин түзүү Батыш менен мамилелерге олуттуу кошумча зыян алып келиши күмөн.

«Ошол эле учурда, мындай чектөөлөр акыркы чечим деп айтуу кыйынга турат. Балким, биз кошумча чектөөлөрдү көрө алабыз – мисалы, Россиядагы достук мамилеси жок өлкөлөрдөн келген ЖМКлардын же башка уюмдардын ишине байланыштуу», – деди ал.

Көп нерсе саясатчылар чыңалууну жана тирешүүнү күчөтпөөнүн жолдорун таба алар-албасына байланыштуу болот, деп кошумчалады Кортунов.

23-апрелде Россиянын Президенти Владимир Путин Россияга жагымсыз өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө кызматкерлерди жалдоо мүмкүнчүлүгүн чектеген жарлыкка кол койду. Жарлыктын жоболору ал жактан Россияга дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери катары келген достук мамилеси жок мамлекеттердин жарандарына жайылтылбайт.

Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жаңы чаралар бизнеске жана чет элдик инвесторлорго таасирин тийгизбейт деп түшүндүрдү. «Дипломатиялык өкүлчүлүктөргө байланыштуу. Бул жарлыктын текстинде жазылган», – деп жооп берди.

Тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва бул тизмеге эч бир өлкөнү тымызын кошпой тургандыгын айтты – мындай чечимдер кырдаалды терең талдоонун жана альтернативдик жол менен өлкө менен иштешүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоонун негизинде кабыл алынат деп билдирди.

“Бул өлүк кагаз эмес, келечекте тийиштүү мамлекет менен мамилелерибиз өнүккөн сайын, ал табигый жол менен кайра каралат”, – деп түшүндүрдү ал.

Эске сала кетсек, апрель айында АКШ санкциялардын жаңы пакетин киргизген, анда он орус дипломатын өлкөдөн чыгаруу жана башка чектөөлөр камтылган. Польша АКШнын санкцияларын колдоп, үч орус дипломатын персона нон грата деп жарыялады.

Өз кезегинде Чехия 2014-жылы Врбетице айылындагы ок-дары кампасындагы жардырууга Россиянын атайын кызматтарынын тиешеси бар деген шек менен Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн 18 кызматкерин өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Буга жооп кылып, Россиянын Тышкы иштер министрлиги Чехиянын 20 дипломатын өлкөдөн чыгаргандыгын жарыялады. Андан кийин Чехия 63 орус дипломатынын кетишин талап кылган. Прага менен тилектештиктин белгиси катары, Словакия жана бардык Балтика өлкөлөрү Россиянын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин чыгарып жиберишти.