Россияда издөөчүлөр кыргызстандык жоокердин медальонун табышты, жакындары изделүүдө | Эркиндик Медиа

Россияда издөөчүлөр кыргызстандык жоокердин медальонун табышты, жакындары изделүүдө

Россиянын Орел облусунда издөөчүлөр Улуу Ата Мекендик согуш учурунда курман болгон кыргызстандык жоокердин медальонун табышты. Бул тууралуу Кыргызстандын «Наша Победа – Биздин Жеңиш» издөө кыймылынын башчысы Светлана Лаптева билдирди.

Анын айтымында, издөөчүлөр көмүлгөн жерди ачып жатышып, ал жерде советтик армиянын жоокерлеринин сөөктөрүнүн арасынан бир медальон табышкан.

предоставлено Светланой Лаптевой

«Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Маданият айылынан келген Сраилов Ибраилге (же Ибраимге) таандык болгон. Азыр алар каза болгон аскердин жакындарын, айылдаштарын издеп жатышат. Балким, согуш жылдарында туугандары жаназа окубагандыр, жоокердин кайда көмүлгөнүн билишпейттир. Документтерде анын 1915-жылы төрөлгөндүгү көрсөтүлгөн. Балким, балдары бардыр. Документтерде атасынын фамилиясы гана бар – Бегалиев», – деди ал.

Суроолоруңуз болсо, 0555923603 номуру аркылуу Светлана Лаптевага кайрылыңыз.