СҮРӨТ- Айдоочу Айт майрамына карата жүргүнчүлөрдү бекер ташып, таттуу таратты | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- Айдоочу Айт майрамына карата жүргүнчүлөрдү бекер ташып, таттуу таратты

Кечээ, 13-майда Кыргыз эли Ороза айт майрамын белгиледи. Бул күнү Фейсбук колдонуучусу Айнура Төлөнбай майрам күнү башынан өткөн сонун окуя менен бөлүштү.

Айнура №48 автобуска түшкөн. Ал эми айдоочу Орозо Айттын урматына төлөмдү кабыл алуудан баш тартып, жүргүнчүлөрдүн бардыгына таттууларды тартуулап, автобустун ичин жасалгалаган.

“Кыргызстанда адамдар канчалык жөнөкөй болсо, алар ошончолук кең пейил жана айкөл болушат, ошондуктан мен өз элибизге таазим этем. Мен 48-автобуста бир-эки аялдама ары барууну чечтим, автобуска кирип акчаны берсем, айдоочусу: “Бүгүн майрамдын урматына бекер айдайм, таттуулардан жеңиз. Айт маарек болсун”,-деп куттуктады.

Айдоочудан аны сүрөткө тартууга жана социалдык тармактарда бөлүшүүгө уруксат сурасам жылмайып, кереги жок деп уялыңкы жооп берди. Тилекке каршы, анын атын билүүгө үлгүрбөй калдым. Бардык жүргүнчүлөр ыраазы болушту. Кеп кичинекей төлөмдү төлөбөй коюуда эмес, энергетикалык позитивдүү тартуулоо жөнүндө!

Баарыңыздарга жакшылык жана сүйүү каалайм! ”, – деп жазган Айнура.