СҮРӨТ – Базар-Коргондо өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ – Базар-Коргондо өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө

Базар-Коргондо өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмү тарабынан өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Район аймагындагы 10 орто мектепте чакан форматтагы ата-энелер менен жолугушуулар өткөрүлүп, өспүрүмдөрдүн терс жолдорго барууларынын себептери талкууланды.

Жашы жете электер тарабынан укук бузуучулуктун жана бөөдө кырсыктардын алдын алуу үчүн ар бир ата-эне өз балдарын көзөмөлгө алуу керектиги айтылды. Мектеп окуучуларынын түнкү убакыттарда көчөгө себепсиз чыгууларын болтурбоо зарылдыгы жеткирилди. Алардын азыркы шартта онлайн окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо жана сабактарга активдүү катыштыруу учурдун талабы экендиги белгиленди.