СҮРӨТ- Бишкектеги Өкмөт үйүнүн жанында стихиялуу митинг өтүп жатат | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- Бишкектеги Өкмөт үйүнүн жанында стихиялуу митинг өтүп жатат

Бишкекте Өкмөт үйүнүн жанында болжол менен 1000-2000 адамдын катышуусунда стихиялуу митинг өтүп жатат. Митингдин катышуучуларынын так саны азырынча белгисиз.

Маалымат булактарынын айтымында, митинг өкмөткө каршы. Митингдин катышуучулары өздөрү азырынча ким уюштуруучу жана эмнеге каршы экендигин жарыялай элек. Алардын көпчүлүгү комментарий берүүдөн баш тартууда.

Белгилей кетүүчү нерсе, нааразычылык акциясына чыккандар ыктыярдуу элдик дружиналардын жилеттери менен топторго бөлүнүштү: бир тобу – кызыл жилеттерде, экинчиси – кара жилеттерде, дагы бир тобу – боз жилеттерде. Өкмөт үйүнүн жанында коопсуздук органдарынын формасын кийген бир топ эркек киши бар.