СҮРӨТ – Чүйдө аймактык оорукананын балдар бөлүмү ачылды | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ – Чүйдө аймактык оорукананын балдар бөлүмү ачылды

Кечээ, 1-февралда Чүй облусунун аймактык ооруканасында балдар бөлүмүнүн ачылыш аземи болуп өттү. Аны Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров ачып берди. Бул тууралуу аталган облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй аймактык ооруканасынын аймагында балдар бөлүмү 2019-жылы курулуп баштаган.

“Аталган оорукананы “Ассанабил” коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан каржылоо болду. Долбоордун жалпы суммасы – 90,0 миң доллар, имарат 2 кабаттуу, жалпы аянты 450 квадрат метр. 2 врач, 6 медайым, 4 кичүү медайым эмгектенет”, – деп жазылат маалыматта.