СҮРӨТ – Финполициянын ички иликтөө башкармалыгынын жетекчиси мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ – Финполициянын ички иликтөө башкармалыгынын жетекчиси мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды

УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Финполициянын Ички иликтөө жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Айбек Токоев кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 2014-жылдан бери Айбек Токоев жетекчилик кызматтарда иштеп турганда, Ош жана Бишкек шаарларында 15тен ашык кыймылсыз мүлк сатып алган. Алар анын жакын туугандарына катталган.

Мындан тышкары, ал Ош шаарында 13 кабаттуу турак үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куюучу жайлардын курулушуна көп каражат жумшаган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, Токоевдин кыймылсыз мүлкүнүн жалпы наркы 4 миллион доллардан ашат.

18-январда Айбек Токоев кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда, сотко чейинки процесстин алкагында, Токоевдин бардык мүлктүк жана каржылык активдерин аныктоо, ошондой эле алардын болжолдуу наркын тактоо боюнча иш-чаралар жүрүүдө.