СҮРӨТ- ИИМ мончодо эркек эркекти күчкө салып зордуктап салган окуянын чоо-жайын айтты | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- ИИМ мончодо эркек эркекти күчкө салып зордуктап салган окуянын чоо-жайын айтты

Мончодо кыргыз жигиттеринин үрөй учурган окуясынын видеосу тарады. «Койчу, братан!» деп жалбарганына карабастан күчкө салып зордуктап жатканын башка адам эшикти акырын ачып видеого тартып алган.

Бул ыплас иш мончодо болгон, бирок качан тартылганы белгисиз. Бул видео коомдо резонанс жаратып, коомчулук арасында нааразычылыктарды жаратууда. Бул тууралуу ИИМдин расмий өкүлү Бакыт Сеитов төмөнкүлөрдү билдирди:

“Урматтуу достор! Кыргызстандыктар!
Социалдык түйүндөрдө тараган видеоролик боюнча ИИМ бүгүн маалымат берген эле. Биз тактоо жана аныктоо иш-чараларын жүргүзүп жаттык. Анын үстүнө маселе тактала электе социалдык түйүндөрдө провокацияга алдырган да жарандар болду. Ошол эле соцтүйүндөр аркылуу ар кандай сүрөттөрдү салышып, ушул жигит экен деген да маалыматтар, аудио маалыматтар да тарап жатат. Божомолго алдырбай так маалыматтарды күтөлү. Ошол себептүү бул маалыматты тактап койолу дедик. Аталган видеороликтеги окуя Кыргызстандын аймагында болгон эмес, бул окуя чет мамлекеттердин биринде болгондугу такталды. Экинчиден аталган видеоролик бир-эки жыл мурун болгондугу жана бул факты боюнча жоопкерчиликке тартылгандыгы тууралуу маалымат аныкталууда.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги аталган окуянын чоо-жайын тактоо максатында ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо өтүнүчүбүздү жибердик. Кыска убакыттын ичинде бул видео качан болгондугу, кайсы жерде болгондугу тууралуу, кимдер экендиги жана кабыл алынган чечимдер боюнча ыйгарым түрдө билдиребиз.

Урматтуу достор, бул окуяга кайдыгер карабаган замандаштарым, аталган факт боюнча жакын арада кошумча маалымат болот тургандыгын билдиремин.

Сиздерди урматтоо менен Бакыт Сеитов”