СҮРӨТ- ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Баткенде жаракат алган аскерлерден кабар алды | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- ИИМдин Ички аскерлеринин колбашчысы Баткенде жаракат алган аскерлерден кабар алды

Бүгүн, 12-май күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин колбашчысы полковник Исламбек Кенжекулов 2021-жылдын 28-29-апрелинде Баткен облусунун “Головной” суу сактагыч курамасындагы куралдуу кагылышуудан жарадар болгон аскер кызматкерлерине барды. Бул тууралуу КР ИИМдин Ички аскерлеринин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, колбашчы аскер кызматкерлери менен маек куруп, алардын ден-соолугунун калыбына келүү процессине кызыкты. Исламбек Кенжекулов алардын бардыгына эртерээк сакайышына жана күчтөрүнүн калыбына келүүсүн каалап, алардын толук айыгуу менен сапка кайтып келүүсүнө Ички аскерлеринин Колбашчылыгы тарабынан бардык күч-аракеттер жумшалаарын белгилеп өттү.

Азыркы күндө аскер кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бейтапканасында жана башка Бишкек шаарынын медициналык бөлүмдөрүндө стационардык дарыланууда.