СҮРӨТ- Кадамжайда велосипеддерди уурдап жүргөн шектүү кармалды | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- Кадамжайда велосипеддерди уурдап жүргөн шектүү кармалды

Кадамжайда велосипеддерди уурдап жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди.

Айдаркен, Кадамжай шаарларында апрель айынын орто чендеринен бери подьезддерден, үйлөрдүн короолорунан велосипеддер уурдалып жүргөн. Кадамжай РИИБине жалпысынан 7 арыз келип катталган.

Бул уурулуктун бетин ачуу максатында Кадамжай РИИБнин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында Айдаркен шаарынын 41 жаштагы М.Ж. аттуу жаранын Кадамжай шаарынан аныкташып кармашкан.

Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми уурдалган велосипеддер өз ээлерине кайтарылып берилди.