СҮРӨТ – Каркырада чиптер коюлган жана мөөр басылган канаттуу кармалды | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ – Каркырада чиптер коюлган жана мөөр басылган канаттуу кармалды

Алыскы Каркырада жергиликтүүлөр канатына мөөр басылган көгүчкөндү кармашты. Бул тууралуу Каркыра айылынын башчысы Кубат Түлөбердиев Турмушка билдирди.

Анын айтымында, аны кечээ, 6-октябрда айыл тургуну Рашид Жумадылов айылдын четинен кармаган.

«Биздин айыл Түп районунун алыскы айымактарынын бири. Кечээ, 6-октябрь күнү айылда кар жааган. Анын короодогу ити үрүп, көгүчкөндү кубалаган. Мындан улам кармап, буттарындагы чиптерди көрүшкөн. Андан соң канатындагы мөөрдү байкашкан. Буттарынын биринде жашыл, дагы бир бутунда көк түстөгү чип болгон. Азыр айыл тургуну көгүчкөндү үйүндө кармап турат», – дейт тургундар.

Көгүчкөн кайдан учуп келгени, мөөр кайсы өлкөнүкү экени белгисиз. Анын учуп жүргөнүнө 4 күн болгонун айтышууда.

View this post on Instagram

На жайлоо Каркыра местный житель поймал голубя, у которого на лапах имеются чипы, а на крыльях — надпись. Об этом сообщил глава села Каркыра Кубат Тулобердиев. По его словам, село является одним из отдаленных в Тюпском районе. Вчера, 6 октября выпал снег. Местный житель Рашид Жумадылов на окраине села поймал голубя. «Оказывается, за голубем погналась собака. Рашид увидел, что на лапах голубя есть чипы, а потом, когда поймал его, увидел надпись на крыльях. На одной лапе чип голубого цвета, а на другой — зеленого цвета. Сельчанин голубя держит дома», – сказал он. Местные жители удивляются, откуда голубь мог прилететь. Говорят, что этого голубя в селе видели на протяжении 4 дней. Turmush.kg

A post shared by МААЛЫМАТ ПОРТАЛЫ 🇰🇬 (@chyndyk_kg) on