СҮРӨТ- Нарында 3 топоз уурдаганга шектелгендер күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышты | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- Нарында 3 топоз уурдаганга шектелгендер күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алышты

Нарын районунда мал уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

2020-жылдын ноябрь айында Нарын районуна караштуу Кара-Кужур өрөөнүндө 3 баш топозум жоголуп кетип ушул күнгө чейин издеп таппай жатам деп Кочкор районунун тургуну 1998-жылы туулган С.Ы. кайрылган.

Аталган факты 2021-жылдын 29-апрель күнү Нарын РИИБү тарабынан каттоого алынып сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Нарын районунун тургуну 1989-жылы туулган Н.А. Кочкор районунун тургуну 1994-жылы туулган А.А. Нарын районунун тургуну 1995-жылы туулган Ж.М. жана Ат-Башы районунун тургуну 1993-жылы туулган Ш.А. кармалышып, күнөөлөрүн толугу менен моюндарына алышкан.

Жогорудагы шектүү жарандар жоголгон малдарды сатып жиберишкен.

Азыркы учурда бул факты боюнча Нарын РИИБү тарабынан тергөө амалдарды жүргүзүлүп жатат.