СҮРӨТ – Назира Айтбекова: Тегерегимде арамы жок, жөн гана жардам бергиси келген ушунча сонун адамдар көп | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ – Назира Айтбекова: Тегерегимде арамы жок, жөн гана жардам бергиси келген ушунча сонун адамдар көп

Алып баруучу, актриса Назира Айтбекова билимдүү, илимдүү жаштар чет өлкөлөрдү өнүктүрүп жатканы өтө өкүнүчтүү экенин айтат.

“Жыргап өзүңдү ойлоп жашай бер да! Тил билесиң, жашсың, кесибиң бар, каалаган мамлекетке кетип кал” дейсиң, ансыз деле жаштарыбыздын баары кетип калбадыбы. Кетип калып, башка өлкөнү гүлдөтүп жүргөнү канча? Чет жакка чыгып тургандар билет. Үч күндөн кийин өлкөгө бут тартып, сагына баштайсың. Учак менен конгондон кийин аэропорттогу “Энеңди баланчалар” деген сөгүнгөн сөздөр тим эле укмуш угулуп, караңгы шаарың жапжарык көрүнүп, жыртык асфальтың бүтүн сезилип, жолго жатып алып өпкүлөгүң келет.

Мекен өзүнчө керемет жер да эл билгенге! Баркын билбей, кол жоолук кылып атканыбызды көр?! Ушундай жардам бергиң келип, делбектеп чуркап жүрсөң “Сага эмне азап? Жата бер да “, “Ким сага канча төлөп атат же канчага сатылдың”, ” Хайп үчүнбү?” “Кайсы партияга иштеп атасың?”, “Кимдин кишисисиң?” , “Кресло керек болуп атабы?” ж.б. у.с суроолор келет.

Отуз жылдан бери бирин-бири соодалап сатып, алдап, тоноп , сызга отургузуп жүрүп көнгөн да. Абдан түшүнөм. Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет. Бирөөнүн мактоосу, жек көрүүсү учурда маанисиз. Жөн гана жакшылык кылуу. Чын жүрөгүңдөн! Тегерегимде арамы жок, жөн гана жардам бергиси келген ушунча сонун адамдар көп. Аларды карап отуруп, ушунча сүйүнөм! Ошондой адамдар бул жашоонун түркүгү! Алар бар үчүн адилеттүүлүк, адамгерчилик сакталып турат! Шүгүр! Ыраазымын! Жакшы адамдар, ырахмат силерге! Саныңар ылайым арбыса экен! Эй, Жараткан, ылайым жүрөгүбүздү, тилибизди , дилибизди, оюбузду жарык кыл”,-дейт Айтбекова.

View this post on Instagram

" Жыргап өзүңдү ойлоп жашай бер да! Тил билесиң, жашсың, кесибиң бар, каалаган мамлекетке кетип кал" дейсиң, ансыз деле жаштарыбыздын баары кетип калбадыбы. Кетип калып, башка өлкөнү гүлдөтүп жүргөнү канча? Чет жакка чыгып тургандар билет. Үч күндөн кийин өлкөгө бут тартып, сагына баштайсың. Учак менен конгондон кийин аэропорттогу "Энеңди баланчалар" деген сөгүнгөн сөздөр тим эле укмуш угулуп , караңгы шаарың жапжарык көрүнүп, жыртык асфальтың бүтүн сезилип, жолго жатып алып өпкүлөгүң келет. Мекен өзүнчө керемет жер да эй билгенге! Баркын билбей, кол жоолук кылып атканыбызды көр?! Ушундай жардам бергиң келип, делбектеп чуркап жүрсөң "Сага эмне азап? Жата бер да ", "Ким сага канча төлөп атат же канчага сатылдың" , " Хайп үчүнбү?" "Кайсы партияга иштеп атасың?" , " Кимдин кишисисиң?" , "Кресло керек болуп атабы?" ж.б. у.с суроолор келет. Отуз жылдан бери бирин бири соодалап сатып, алдап, тоноп , сызга отургузуп жүрүп көнгөн да. Абдан түшүнөм. Сүткө оозун күйгүзгөн айранды үйлөп ичет. Бирөөнүн мактоосу, жек көрүүсү учурда маанисиз. Жөн гана жакшылык кылуу. Чын жүрөгүңдөн! Тегерегимде арамы жок, жөн гана жардам бергиси келген ушунча сонун адамдар көп. Аларды карап отуруп, ушунча сүйүнөм! Ошондой адамдар бул жашоонун түркүгү! Алар бар үчүн адилеттүүлүк, адамгерчилик сакталып турат! Шүгүр! Ыраазымын! Жакшы адамдар, ырахмат силерге! Саныңар ылайым арбыса экен! Эй , Жараткан, ылайым жүрөгүбүздү, тилибизди , дилибизди, оюбузду жарык кыл! #жөнэлеойлор

A post shared by Nazira Aytbekova (@naziraaytbekova) on