СҮРӨТ- Сокулук РИИБдеги полковник кылмыш үстүнөн кармалды | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ- Сокулук РИИБдеги полковник кылмыш үстүнөн кармалды

Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, УКМК менен ИИМдин Ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү милиция кызматкерлерин 1 миң доллар пара алып жаткан жеринен колго түшүрүштү.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, Сокулук РИИБдин жетекчисинин сотко чейинки өндүрүш иши боюнча орун басары А.А.К., тергөөчү И.А.А. жана аймактык милиция кызматкери А.А.М. сүйлөшүп алып, тергөө ишин токтотуу үчүн акча опузалашкан.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 326-беренеси (пара пузалоо) менен катталган.

Учурда Сокулук РИИБдин жетекчисинин орун басары менен аймактык милиция кызматкери УКМКнын абагына камакка алынды. Тергөө уланууда.

АКИpress агенттигине булактары билдиргендей, сөз милициянын полковниги — Сокулук РИИБдин жетекчисинин орун басары Алиев Агат Князевич жөнүндө болууда.