СҮРӨТ: Жогорку Кеңеште түз эфир камсыздоочу камералар талкаланды | Эркиндик Медиа

СҮРӨТ: Жогорку Кеңеште түз эфир камсыздоочу камералар талкаланды

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын радиостанциясы, телестудиясы, парламенттик кабарчылардын пресс-бөлмөсү, пресс-борбор, чоң жыйындар залындагы түз эфир камсыздоочу камералар жана серверлери түндө талкаланган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

“Эң негизгиси элибиз аман болсун, калган нерселерди уюштуруп алабыз деген үмүттө турабыз. Kenesh.kg сайты убактылуу иштебейт, бул үчүн кечирим сурайбыз. Расмий маалыматтарды убактылуу электрондук почта аркылуу таратып турмакчыбыз. Биз эл мененбиз! Ылайым, элибиз аман, мамлекетибиз бүтүн болсун”, – деп жазды.