Садыр Жапаров АКШнын элчиси Дональд Луну кабыл алды | Эркиндик Медиа

Садыр Жапаров АКШнын элчиси Дональд Луну кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-майда АКШнын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүршүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы коронавирус пандемиясына каршы күрөштө берген жардамы үчүн Америка тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Садыр Жапаров Дональд Луну АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ал жаңы иши менен эки тараптуу кызматташууну чыңдоо үчүн билими жана тажрыйбасын жумшаарына ишенерин айтты.

АКШнын элчиси Дональд Лу азыркы оор мезгилде Америка тарап төмөнкү үч багытта кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи: гуманитардык жардам көрсөтүү, пандемиянын андан ары жайылышына каршы күрөшүү жана демократиялык кайра түзүмдөр.

Ошону менен катар калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жана пандемиянын кесепеттери менен күрөшүү маселелеринде өз ара кызматташууну арттырууга даяр экендигин билдирди.