Садыр Жапаров тышкы башкаруу боюнча мыйзамга кол койду | Эркиндик Медиа

Садыр Жапаров тышкы башкаруу боюнча мыйзамга кол койду

Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Айрым мыйзам актыларына (“Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамга, Жазык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жазык кодекси убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда акционердик коомдун башкаруу органдарына коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган берене менен толукталган.

“Мыйзамдын негизги максаты — жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузган, мындай аймакта жашаган же иштеген адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна түздөн-түз коркунуч келтирген коомдорго тышкы башкарууну жөнгө салуучу ченемдерди киргизүү болуп саналат”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2021-жылдын 6-майында кабыл алынган. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Өзгөчө бул мыйзам алтын кенин иштеткен “Кумтөр” компаниясына тиешелүү болот.

Эске салсак, 7-май күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд Компани” ишканасын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом (3 миллиард доллардан көбүрөөк) төлөөгө милдеттендирген.

Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган. Мындан улам канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы Кум-Төр кенине байланышкан окуяга комментарий берген. Анда алар 2009-жылкы келишим бузулуп жатканын айтып чыгышкан.