Садыр Жапаровдун ант берүү аземине миңден ашуун конок чакырылды | Эркиндик Медиа

Садыр Жапаровдун ант берүү аземине миңден ашуун конок чакырылды

Эртең, 28-январда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи болот.

Президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик алдыңкы маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман чакырылган.

«Чакырылган меймандардын бардыгы коронавирус инфекциясына ПЧР-анализдерин тапшырышкан. Иш-чара бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулууда.

Инаугурация Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Мындан сырткары иш-чара Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтында түз эфирде көрсөтүлөт.

Азем саат 10:45те башталат», – деп айтылат маалыматта.