Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоева “Аалам сулуусу” сынагына катышат | Эркиндик Медиа

Садыр Жапаровдун карындашы Лазат Нуркожоева “Аалам сулуусу” сынагына катышат

Бул жылы “Аалам сулуусу” сынагына Кыргыз өлкөсүнүн атынан Лазат Нуркожоева катышат. Бул тууралуу Лазат Нуркожоева социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Ал эми сулуулар сынагын уюштуруп келе жаткан Рыскүл Намазбекова маалыматты ырастап, сынактын качан болору белгисиз экенин айтты.

“Аалам сулуусу” сынагына биздин өлкөнүн атынан Лазат Нуркожоева барат. Азырынча сынактын качан болору белгисиз, март айында белгилүү болот”, – деди Намазбекова.

Лазат Нуркожоева “Кыргызстан сулуусу-2020” сынагында жеңүүчү деп табылып, BMW Х5 унаасын утуп алган. Сынактын жеңүүчүсү Садыр Жапаровдун иниси Давлет Жапаровдун кызы экенин айткан.