Самара Каримованын жетекчи болушуна каршы чыккан жамаат жаңы директорго да каршы болушууда | Эркиндик Медиа

Самара Каримованын жетекчи болушуна каршы чыккан жамаат жаңы директорго да каршы болушууда

Бүгүн, 27-январь күнү Ниязалы Борошев атындагы музыкалык окуу жайына жаңы директор дайындалып, аны министрдин орун басары Иляз Балташев келип тааныштырды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Окуу жайдын директордун орун басары Райхан Самидинованын айтымында, алар дайындаган талапкерди музыкалык окуу жайдын жамааты жактырышкан жок.

«Биз жамааттын атынан 3 талапкерди көрсөткөнбүз. Директордун орун басары мени да көрсөтүштү, бирок менин директор болуу оюм жок. Ал эми бүгүн тааныштырган директор Ташболот уулу Ильяз биздин окуу жайда 2008-жылдан бери иштеп келет. Бир ооз «мен да талапкерлигимди коюп жатам» деп айтпады. 5 күндөн бери телефонун албай, сабактарына келбей жүрдү. Көрсө ушул ишти бүтүрүп жүрүптүр. Бизге бир ооз айтканда макул болбойт элек. Азыр Самара Каримованы колдогон 4 мугалим муну да колдоп жатышат. Бирок жамаат министрдин орун басарына да нааразычылыгын билдиришти. «3 ай сыноо мөөнөтү менен иштеп турсун» деди. Бирок биз макул эмеспиз, дагы арызданабыз. Кайра-кайра эле бизге маалымдабай, кеңешпей туруп алып келип коюп жатышат. Самара Каримова келгенде кандай таң калсак, азыр да таң калдык», – деди Самидинова.

Окуя тууралуу:

Самара Каримова 2018-жылы Ош шаарындагы Ниязалы атындагы музыкалык окуу жайга министрликтин буйругу менен директор болуп барып, бул кызматты 1 күн аркалаган. Бирок кийинчерээк мурунку министр Азамат Жаманкулов статс-катчысы Каримованы директорлук кызматка мыйзам бузуу менен дайындаганын, андыктан ал чечим жокко чыгарылганын билдирген болчу.

Быйыл Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту Самара Каримованы жумуштан алуу боюнча министрликтин буйругун жокко чыгарып, калыбына келтирүү боюнча өкүм чыгарган. Соттун чечимин негиз кылып, министр Нуржигит Кадырбеков 14-январь күнү аны кызматка кайрадан дайындоо боюнча буйрук чыгарган. С.Каримова окуу жайга жетекчи болгонун билген мугалимдер каршы болуп, акцияга да чыгышкан. Маселе бир нече күнгө созулуп, С.Каримова 22-январда директорлук кызматтан баш тарткан.