Шайлоо-2020: Беш партия 7%дык шайлоо босогосунун чегине жетти | Эркиндик Медиа

Шайлоо-2020: Беш партия 7%дык шайлоо босогосунун чегине жетти

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Автоматтык түрдө окулган урналардан алынган маалыматтарга караганда, беш партия 7%дык босого баллына жеткен.

БШКнын башчысы Нуржан Шилдабекованын айтымында, 2339 шайлоо участкалары өз отчетторун беришти, бул 82,38 пайызды түзөт, маалыматтар реалдуу убакыт режиминде жаңыртылып турат. 45,54 пайызы добуш берген. Алдын ала маалыматтар боюнча, лидер партиялар – “Биримдик”, “Мекеним Кыргызстан”, “Кыргызстан”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Мекенчил”.

Калгандары добуштардын 7 же андан көп пайызын алышкан жок. Маалымат дайыма жаңыланып турат. Маалыматтар 0,7% регионалдык квотага ылайык иштелип чыгат.

Эске сала кетсек, 16 партия депутаттык мандат үчүн күрөшкөн.