Сокулукта кызганычтан улам аялын бычактап өлтүргөн шектүү кармалды | Эркиндик Медиа

Сокулукта кызганычтан улам аялын бычактап өлтүргөн шектүү кармалды

Сокулук районунда аялын өлтүрдү деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 17-майында саат 23:20 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Ново-Павловка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринен аялдын сөөгү табылганы боюнча билдирүү түшкөн. Алынган маалыматка ылайык, тергөө-ыкчам тобу дароо окуя болгон жерге кароо жүргүздү. Милиция кызматкерлери келген убакта денесине ар кандай жаракаттарды алган 1992-жылы туулган Ж.Э.нин жансыз денеси табылган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинде (Адам өлтүрүү) каралган, кылмыш белгилери боюнча КЖБРге катталган.

Чүй милициясынын кызматкерлери жана Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип маркумдун 1982-жылы туулган О.Н. атту күйөөсү кармалган.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, жубайлардын ортосунда кызганычтын айынан чыр чыккан, натыйжада аялы денесине көптөгөн жаракаттарды алганынан улам каза болгон.

Учурда кылмышка шектүү Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалды.
Сотко чейинки процесстер уланууда.