Сооронбай Жээнбеков абактагы Мелис Аспековду сотко берет | Эркиндик Медиа

Сооронбай Жээнбеков абактагы Мелис Аспековду сотко берет

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун адвокаты Асылбек Кочкоров активист Мелис Аспековдун мамлекет башчылык кызмат ордуна талапкер Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясын каржылоо боюнча чуулгандуу билдирүүсүнө комментарий берди.

«Алдамчылыкка шектелген чуулгандуу Мелис Аспеков социалдык тармактар ​​аркылуу Жээнбековдор Садыр Жапаровдун шайлоо кампаниясын каржылаган деген билдирүү таратты. Ар бир акыл-эси жайында адам, Аспековдун чуулгандуу өмүр баяны менен таанышып, бул алдамчылык, кылмыш иш-аракеттери менен өзүнүн атына көө жаап алгандыгын билет​​», – деди Асылбек Кочкоров.

Анын айтымында, Мелис Аспеков бул үчүн жөнөкөй жана тааныш жолду тандады – жалган жалаа.

“Аспековдун бул билдирүүсү ачыктан ачык калп, биз аны жалган жалаа жапканы үчүн сотко берүүнү көздөп жатабыз”,-деп билдирди жактоочу.