Сооронбай Жээнбековдун фонду Баткендеги жабыркаган тургундарга 20 тонна ун жана акчалай жардам көрсөттү | Эркиндик Медиа

Сооронбай Жээнбековдун фонду Баткендеги жабыркаган тургундарга 20 тонна ун жана акчалай жардам көрсөттү

Сооронбай Жээнбеков Фонду Баткен районунун чек ара айылдарынын жашоочуларына жардам көрсөттү.

Облустук администрациянын басма сөз кызматы билдиргендей, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө фонд тарабынан 20 тонна ун жөнөтүлдү.

Ошондой эле, буга чейин облустук администрация экс-президенттин фонду 500 миң сом которгонун билдирген, бирок басма сөз кызматы бул маалыматты бухгалтерияда текшерүү керектигин белгилеген.

Эске салсак, 28-апрелден 1-майга чейин чек арада болгон чыр-чатактын натыйжасында кыргыз тараптан жүздөн ашуун адам жаракат алып, 36 адам набыт болгон, алардын экөө жаш балдар. Тажикстан 19 адам каза болгонун, анын тогузу аскер кызматкерлери, он жай тургун жана 88 адам жаракат алгандыгын билдирди.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Кыргызстанга карата куралдуу кол салуу жана басып алууга аракет болгонун билдирсе, тажик тарап тескерисинче экендигин айтып чыкты.

1-май күнү элдешүү келишими түзүлгөн. Тараптар айрым талаш жерлерди делимитациялоо жана демаркациялоо процессин аяктоо жөнүндө макулдашышты жана тажик тарап талап кылган 1924-1927-жылдардагы улуттук демаркация документтери колдонулат.