Сузакта окуучу бала өз үйүндө өмүрүн кыйды | Эркиндик Медиа

Сузакта окуучу бала өз үйүндө өмүрүн кыйды

Кечээ, 13-май күнү Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагында 7-класстагы окуучу бала өз үйүндө өмүрүн кыйды. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы ырастады.

Маалыматка караганда, 14 жаштагы окуучу үйдүн чатырында пресс жип менен асынып алган.

«Окуучу эркек бала болгон. Ал үйүнүн чатырындагы устунга пресс жип менен өзүн-өзү асып алып каза болгон. Бул факты Сузак РИИБдин өзүн-өзү асып өлтүрүү болуп катталып, текшерүү иштери башталды. Баланын денесине сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинин башка жеринде жарааты жок экендиги аныкталган. Бул окуя боюнча баланын атасы арыз жазуудан жана жансыз денени соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан», – деп айтылат маалыматта.