Төмөнкү Ала-Арча айылында 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө буйрук берген шектүү ооруканага жаткырылды | Эркиндик Медиа

Төмөнкү Ала-Арча айылында 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө буйрук берген шектүү ооруканага жаткырылды

Төмөнкү Ала-Арча айылында 26 жаштагы кызды өлтүрүүгө буйрук берген шектүү ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өздүк булактарга таянып жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ал Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда жатат.

Буга чейин сот шектүүнү тергөө абагына камоо түрүндө алдын-алуу чарасы катары тандап алган. Бирок кийинчерээк ал ооруканага жаткырылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, аял күнөөсүн мойнуна албайт, бирок дагы эки шектүү көрсөтмө берүүдө.

Эскерте кетсек, 26-сентябрь күнү саат 02:50 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине беткап кийген эки белгисиз адам кирип, 62 жаштагы Т.Ж жана анын 26 жаштагы кызы Т. А.ны бычак менен жарадар кылган. Андан кийин алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Алган жараатынан улам кыз каза болуп, атасы Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Бул факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.

Кылмыш коомчулукта чоң резонанс жаратты. Аны ачыкка чыгаруу үчүн ИИМдин, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жана Аламүдүн РИИБнин тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн.

14-октябрда ыкчам кызматкерлери үч шектүүнү кармашты. Алар 31 жаштагы Б.Ж., анын 28 жаштагы айдоочусу О.А. жана 31 жаштагы К.Ч. Киши өлтүрүү Б.Ж.нын кызганычынан улам жасалган.